super.kg logo

Ош облусунун медреселеринде билим берүү стандарттарына талап күчөтүлөт

 

Ош облусунун медреселеринде билим берүү стандарттарына талап күчөтүлөт. Муну Ош облустук мусулмандар казыятынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, кечээ, 13-майда Ош облустук казыятында облус аймагындагы медреселердин мүдүрлөрү 2014-2015-окуу жылы боюнча жасалган иштеринин жыйынтыктарын чыгарышты. Мүдүрлөр медреселердин окуу пландары, материалдык-техникалык базалары, санитардык-гигиеналык талаптар жана окуучулар менен окутуучулардын абалы боюнча сөз кылышты. Мындан сырткары муфтият тарабынан бекитилип берилген мамлекеттик илимдерди окутуунун стандарттарынын аткарылышы жана жайкы каникулга чыгаруунун бирдей болуусу талкууга алынды. Жыйын соңунда облус казысы Ниязали ажы Арипов медреселердеги окутуу программаларында диний сабактардан сырткары мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышын белгиледи. Ошондой эле кошумча сабактар боюнча атайын мугалимдер менен камсыздоо жана диний жактан окутуучулардын акыйда маселелерин көзөмөлгө алуу тапшырмасын койду.

Эскерте кетсек, май айынын соңунда медресе окуучулары каникулга чыгарылып, сентябрь айында жаңы окуу процесси башталат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: