super.kg logo

2015-жылдын май айына чейин 3537 дыйканга 1 миллиард 277 миллион 146,34 миң сом насыя берилди

 

2015-жылы коммерциялык банктар тарабынан 3537 дыйканга 1 миллиард 277 миллион 146,34 миң сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу 14-майда Каржы министрлигинен билдиришти.  

Өкмөттүн 2015-жылдын 11-мартындагы токтомуна ылайык, Каржы министрлиги 6 банк менен кызматташуу тууралуу меморандум даярдап, ага ылайык, министрлик банктар менен “2015-2016-жылдарда субсидияларды берүү тууралуу” макулдашууларды түзгөн.

Макулдашууга ылайык, Чүй облусундагы 567 дыйканга 260 миллион 304 миң сом, Ысык-Көл облусундагы 464 дыйканга 153 миллион 85 миң сом, Таластын 317 дыйканына 104 миллион 334,9 миң сом, Нарындагы 431 дыйканга 130 миллион 678,5 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Ош облусундагы 667 адамга 246 миллион 523,4 миң, Жалал-Абаддагы 691 адамга 250 миллион 116 миң, Баткендеги 400 адамга 132 миллион 181 миң сом берилген.

Эске сала кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоору “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар-1, 2” жана “Айыл чарбасын каржылоо-1, 2” долбоорлору түрүндө өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылуучу республиканын агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын уландысы болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ушул бугунда кирдим банка апрелдин башында тапшыргам майда отот документ деп эми инюнда келесиндейт эгин бышканда алат окшойм
14.05.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол акчанын баарын берсе кана,айтылышы эле дыйкандарга төңкөп,жарымын өздөрү жеп алат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: