super.kg logo
  Саясат  

Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мугалимдери маянанын аздыгынан ишке болгон кызыгуулары төмөн экенин айтышты

 

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мугалимдери маянанын аздыгынан ишке болгон кызыгуулары төмөн экенин 13-майда депутат Каныбек Осмоналиев менен жолугушууда көтөрүп чыгышты.

Жолугушууда мугалимдер райондогу билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдү белгилеп, "окутуучулардын саны айыл жергесинде жетишпейт, окууну бүтүргөн адистердин көбү башка жумуштарга кетип калышууда" дешти. Бул маселе боюнча жогорку окуу жайларды жаңы бүтүргөн адистерди аймактарга жиберип, кеминде 5 жыл иштетүү системин алып келүүнү суранышты. Алардын айтымында, мугалимдин айлык акысынын аздыгы жаш адистердин да ишке болгон кызыгуусун төмөндөтүүдө.

Иш-чаранын соңунда Осмоналиев билим берүү тармагынын кызматкерлери койгон көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште көтөрүп, өкмөттүн, тиешелүү министрликтин астына маселе коюуга убада берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: