Өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн 34 пайызы көмүскөдө иш алып барат



Өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн 34 пайызы көмүскөдө калган. Муну бүгүн, 14-майда маалымат жыйын учурунда КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын 1-январына карата салык төлөөчүлөрдүн саны 552 351ди түзөт.
“Алардын 86 миңи юридикалык жактар жана 435 545и жеке жактар, бирок салык төлөөчүлөрдүн саны толук түрдө ушуну гана түзөт деп айтуу кыйын. Анткени Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, көмүскөдө жүргөн ишкерлер дагы деле бар”,- дейт Кубанычбек Кумашов.
Салык кызматкеринин айтымында, быйылкы жылдын 12-майына карата декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн 123 юридикалык жак жана 217 жеке жак жалпысынан 1 миллион 152 миң сомго административдик жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинен мамлекеттик бюджетке 806 миң сом өндүрүлгөн.
Айта кетсек, салыкты өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом, ал эми жеке жактар үчүн 2 миң сом айып пул каралган.

