Жогорку Сот менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
14-майда Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борборунун окуу залында Жогорку Соттун, окуу борборунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда судьялардын квалификациясын жогорулатуу комплекстик окуу программасы тааныштырылып, комплекстик окуу программасын ишке ашырууга бирдиктүү колдоо көрсөтүү жана анын негизин түзгөн тематикалык семинарларды иштеп чыгуу маселелери каралды. Ага Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Бактыгүл Аманалиева жана кыргыз мамлекетинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан онго чукул эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

