Орусиянын аймагына кириш үчүн паспортундагы аты-жөнүн өзгөрткөн мигрант кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн
Орусиянын аймагына кирүү максатында паспортундагы персоналдык маалыматтарын өзгөрткөн "кара тизмедеги" мигрантка карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлү Владимир Филиппов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө паспорттордо маалыматтарды өзгөртүүлөр көп байкалууда. "Эгер мындай факт аныкталса, мигрант кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ошондуктан мигранттарды тобокелге баруудан баш тартууга чакырар элем",- деди Филиппов.
Мындан сырткары ал Орусиянын аймагына кирүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп берди. "Эгер кыргыз жараны ID-картасы менен Орусиянын аймагына кирсе, ал миграциялык картаны толтурушу керек. Ал эми жалпы жарандык (загранпаспорт) паспорт менен кирген болсо, 30 күнгө чейин жүрө алат. Андан кийин жаран милдеттүү түрдө келишим түзүшү керек. Анткени миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн катуу чаралар каралган",- деп кошумчалады Филиппов.


Паспорт алса да 18ге чыга электерге ата-энесинин чет жакка чыгуусуна уруксаты керек доверенность турундо. Бул закондо бар.
SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү болгонуна байланыштуу кыргыз тилинде ой-пикир жазууңузду сунуштайбыз.