Кыргыз спортчусу дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды

Кечээ, 13-майда Катар мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында дзюдо боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө кармаш өткөргөн кыргыз спортчусу Отар Бестаев коло медаль тагынды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө 7 салмакта медалдар ойнотулду. 60 килограмм салмакта күч сынаган О.Бестаев алгач Монголиянын, анан Тайбэйдин өкүлүн утуп алды. Жарым финалда болсо Түштүк Кореянын спортчусуна утулуп, 3-орун үчүн казакстандык Елдос Сметов менен кез келди. Жыйынтыгында жеңишке жетишип, коло медаль тагынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.