Кыргыз мамлекети 2014-жылы сүт, картошка жана мөмө-жемиш менен өзүн өзү камсыздады
Кыргыз мамлекети азык-түлүк коопсуздугунун талаптары боюнча 9 азыктын 3 түрү менен гана өзүн камсыздайт. 2014-жылы сүт, картошка жана мөмө-жемиш менен өзүн өзү камсыздады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 13-майда азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аштын сапаты талкууланган жыйында билдирди. "Кыргыз мамлекетинде 2007-жылы өндүрүш коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлгөн. Муну менен өлкөнү туруктуу жана тынымсыз азык-түлүк менен камсыздоого байланыштуу ыйгарым укуктуу орган ыкчам чечимдерди кабыл алууга милдеттендирилген",- деди Ниязалиева.
Айта кетсек, калк көп колдонгон 9 азык-түлүк төмөнкүлөр: ун азыктары, картошка, мөмө-жемиш, жашылча, кумшекер, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары, сүт азыктары жана жумуртка.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

