Астанада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жолугушат
29-майда Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Бул тууралуу 14-майда эгмек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымат жыйында билдирди. Азыранкуловдун айтымында, белгиленген мөөнөткө чейин биримдикке кирген өлкөлөрдүн парламенттери кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча документтерди ратификациялашы керек.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алексей Чепа 13-майда Бишкекте өткөн тегерек столдо тиешелүү документти Мамлекеттик Дума май айында кароону пландап жатканын айтты.
Айта кетсек, 8-майда Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин саммитинде аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кыргыз мамлекетинин бул биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки протоколго кол коюшкан. Арасында кыргыз мамлекетинин бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кирүүсүн жөнгө салган документтер да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

