super.kg logo

Бишкекте Энелер күнүнө карата иллюстративдик-китеп көргөзмөсү өтүүдө

 

Бишкектеги Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Энелер күнүнө карата “Тарых танбайт энелердин эмгегин” аттуу иллюстративдик-китеп көргөзмөсү өтүүдө. Ага Алай ханышасы Курманжан датка, акыйкат үчүн күрөшкөн, республиканын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Уркуя Салиева, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова, Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева, улуу балерина, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, экс-президент Роза Отунбаева жана башка мыкты лидер айымдар жөнүндө маалыматтар коюлган. 

Иш-чаранын алкагында атайын дубал гезит даярдалып, ага белгилүү акындардын энелер жөнүндө жазган чыгармалары илинген. Андан “Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык, асыл зат. Эне – бул үй-бүлөнүн башкы каарманы, тиреги, жарыгы, куту, жылдызы, айтор, баарын өзүнө камтып турган жан дүйнөсү назик жан” деген саптарды окууга болот. Көргөзмө дагы эки жумага уланат.

Айта кетсек, өлкөдө ар бир май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: