super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадынын катышуучуларына ыраазычылык билдирди

 

Бүгүн, 14-майда президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадынын катышуучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөнүн президенттик аппараттан билдиришти.

“Борбордук “Ала-Тоо” аянтында масштабдуу жана театрлаштырылган оюн-зоокту – Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадын уюштурууга жана өткөрүүгө катышканыңар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем! Согуштун жана эмгектин ардагерлерине, бардык көрүүчүлөргө жана жалпы кыргыз мамлекетинин элине тартуулаган чоң майрамыңар үчүн ыраазычылык айтам! Силер Жеңиш күнү кыргыз жеринин тургундары үчүн ар дайым ыйык майрам болорун ачык көрсөттүңөр. Балдарыбыз келечекте дагы улуу муундагы адамдардын улуу эрдигин эч качан унутпасын далилдедиңер. Силер экономикада, маданиятта жана илимде жакшы иштериңер, жаңы жетишкендиктериңер, ачылыштарыңар менен кыргыз мамлекетинин даңкын чыгарасыңар деп ишенем. Баарыңарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди каалайм!”- деп айтылат мамлекет башчынын ыраазычылык катында.

Окуучуларга ыраазычылык билдирүү иретинде жаштардын бий топторунун жана эстрада ырчыларынын катышуусу менен концерт тартууланды. 

Эске салсак, 2015-жылдын 4-майында Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында окуучулардын масштабдуу театрлаштырылган Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттар башталган.

Парадга 6 миңден ашуун окуучу катышкан. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: