super.kg logo

"Баламды күйөөмдөн сатып алган аял уулумду бербей качып жүрөт" дейт Токтогул районунун тургуну

 

Бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Токтогул районунун Анара Назаркулова аттуу тургуну кайрылып, баласын күйөөсүнөн сатып алган аял уулун бербей качып жүргөнүн айтты.

Балам Нурэл Койчуманов 2013-жылы 3-июлда төрөлгөн. 2014-жылы 19-апрелде баламды өз апама таштап, Орусияга иштегени кеткем. Кийин күйөөм “баланы Бишкектеги карындашым багат” деп апамдан алып кеткен экен. Ага телефон чалып, баламды сурасам ар шылтоону айтып жүрдү. Санаам чыдабай 17-апрелде Бишкекке келип, кайниме жолуктум. Ал баланы көлдүк аял багып жүргөнүн айтты. Аялдын иштеген жерине барсам, “баланы күйөөңдөн 50 миң сомдон көп акчага сатып алгам” деп койду. Күйөөм болсо “ал жөн эле бала багуучу болчу” деп жатат. 

Бул боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Алар аялды таап, түшүнүк кат алышканда көрсөтмөсүн өзгөртүп, “баланы сатып албай эле, жөн эле багып жүргөм” деп, баланы соттун чечиминен кийин берерин айтыптыр. Мындан улам аталган райондун ички иштер бөлүмү ишти жаап, прокуратурага өткөргөн экен. Ал жакка барсам сотко барыңыз дешти. Учурда баламды багып жүргөн аялдын дайыны жок. Мурда жашаган жеринен көчүп кетиптир. Тиги аял бала багуучу болсо, эмнеге өз баламды бербей качып жүрөт? Эмне кыларымды да билбей калдым”,- дейт Анара Назаркулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
14.05.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйон сатып эле жиберген го созу эки болуп жатат жулуп эле алсан болмок баланды сатып алгам десе эле кетип калбай.
14.05.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйонуздун башына балка менен бир чаап айланпаш башын чирик баш еле кылып койчуудай екен
14.05.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже, 1-сатып жиберген күйөөңүздүн үстүнөн арыз жазыныз. 2- "Баланы сатып алдым" деген аялдын үстүнөн арыз жазып, кайрадан ишти тергөөгө өткөрүнүз. Алар сизге аялды жерден болсо да таап келишет. Сиз издеп убара болуп не кыласыз?. 3- Сиз баланын энеси болгондуктан, ал аял сиздин баланызды уурдап кеткенге барабар. Ошондуктан тездетиниз. Ал дагы башка бироого сатып жибербесин.
14.05.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12.12.12, Жазбай койду дейсинби?Органда иштегендер тигиге бар,буга бар деп кыйнап жатса...Аламудун ИИБине барганда эле издоо жургузсо болот эле го...
15.05.2015. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Degi kandai zaman bolup baratat.
Kuiosu jindigo soo emes soo kishi kantip balasun satat,kuiosunun ustunon aruz jazushu kerek bala satuu berenesi menen sottosh kerek akmakti.
Ooo kudai degi adamdarga uiman bere kor,
15.05.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкалардында колуу бар болуш керек андай мындай деген дерине караганда!
15.05.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ушул биздин сот системасы! Атана бар,энене бар деп жаткандыр да. Эр сорой чындап эле сатып жиберген окшойт го,акмак экен.
15.05.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш эженин абалы оор экен кимге баараын кимден жардам сураарын билбей ататда баланы эптеп таап таштабай журунуз чогу болгонго эч нерсе жетпейт! Супер инфо гезити прокуратура болуп калгандайго ар ким арызданып, даттанып дегендей соттор жакшы иштесе мындай болмок эмес окуп алып оздоруда уялаттыр биздин иш бул жакта неге журот деп
15.05.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан балдарды чон апа же таэнеси бакпаш керек ата эне гана тарбиялаш керек. Кыргыздар кобунчо бироого бактыртып коюшат кийин алар отверженный болуп осушот анан уялчаак, менин колуман эчтеке кельейт ж.б низкаясамооценка калыптанат. бул аял да туура эмес кылды тыштап кетпеш керек болчу. ооба кор оокаттвн айынан дечи бирок кандай гана жагдай болбосун эне бала бир болуш керек.
16.05.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды издеп таап эки уч аял менен колунан жулуп алып келе бериниз баланызды ал сиздин баланыз го акысы да жок анын бакканы тиги сойрук куйоонуз башы жок экен оз баласын бироого карматкан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: