Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда "сойкуканалар бар" делинген көп батирлүү үйдө текшерүү жүргүзүлдү (фото)
















Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарынын мэриясы Чыгыш-5 кичи районундагы "сойкуканалар бар" делинген №19-көп батирлүү турак үйдө текшерүү жүргүздү. Буга бул үйдүн жашоочулары тарабынан көп жылдан бери айтылып келген нааразычылыктар себеп болду. Үй башы Насипа Насырованын айтымында, аталган турак жайда бир нече сойкукана бар. "Бул жерге күнү-түнү бейтааныш адамдар келе беришет. Ызы-чуу, мушташуулар көп орун алат. Ар кандай башкармалыктарга кайрылдык, жыйынтык көрбөй жатабыз",- деп нааразычылыгын билдирди үй башы.
Текшерүүнү биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков жетектеп, аны менен кошо Салык кызматынын, райондук милиция бөлүмүнүн жана райондук башкармалыктардын кызматкерлери жүрүштү. Милиция кызматкерлери журналисттер менен "сойкукана" делинген батирлерге барышканда, алардын биринде гана эшикти ачышты. Тамекинин түтүнү каптаган батирде 4 бийкеч отурган экен. Алар сойкуканага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бири Түркиядан курбусунукуна жаңы эле келгенин далилдөөгө аракет жасады.
Вице-мэрдин айтымында, мындай үйлөр борбор калаада көп байкалууда. "Тургундар тарабынан көп нааразычылыктар түшөт. Батирлерди ижарага бергендердин патенти бар. Алар салык төлөп турушат. Ошол эле учурда турак жайларда мейманканаларды ачууга тыюу салынат. Мындан улам ушундай мыйзамдык коллизиялар орун алууда. Ошондуктан коомдук жайларда тартип орнотуу маселесин тиешелүү мыйзамды кабыл алуу аркылуу чечүүгө туура келет",- деп түшүндүрдү вице-мэр.


Уятсыздар!!! Эжеге рахмат.
Тактап кабар бергенге аракет кылабыз.