super.kg logo

Ош. Токтогул атындагы эс алуу багында гүл сүйүүчүлөргө арналган көргөзмө ачылат

 

Бүгүн, 15-майда Ош шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу багында “Гүлдөр майрамы-2015” көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, көргөзмөгө гүл өстүрүү менен алектенген ишканалар, багбанчылыкты сүйүүчүлөр, багбанчылык коомунун мүчөлөрү, жеке чарба ээлери, коомдук уюмдар, шаардагы мекеме-ишканалар, шаар жетекчилигинин өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө "Гүлдөр фантазиясы" декор элементтери менен жасалган оригиналдуу гүлдесте", "Композиция", "Жандуу гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн гүлдесте", "Кургатылган гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн гүлдесте", "Аз кездешүүчү бөлмө гүлдөрү жана композициялары", "Аз кездешүүчү бакча гүлдөрү", "Ишкана жана мекеменин
гүлчамбарлары" деген номинациялар боюнча мыктыларга сыйлыктар тапшырылат. Көргөзмөнүн жүрүшүн Ош шаарындагы белгилүү ырчы, бийчилер коштойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.05.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргозмо эмес жарманке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: