Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
Учурда Катар мамлекетинде дзюдо спорту боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдештин экинчи күнүндө кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмакта татамиге чыгып, 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ал чейрек финалда Таиланддын өкүлүн, жарым финалда Тажикстандын өкүлүн утуп алды. Ал эми финалдык беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриев менен кармашкан мекендешибиз кошумча убакытта атаандашына уттуруп жиберди.
Кошумчалай кетсек, кыргыз дзюдочуларынан алгачкы медалды Отар Бестаев уткан. Ал 60 килограмм салмакта коло медалды багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.