super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоону кийинки жумада карайт

 
Жогорку Кеңеш кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоону кийинки жумада карай баштайт. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов 14-майда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында айтты. Анын айтымында, документтерди ратификациялоо Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин 18-майдагы жыйындарында карала баштайт. "Ал эми Жогорку Кеңештин 20-майдагы жалпы жыйынында талкууланып, добуш берилиши керек",- деди Панкратов. 
Жогорку Кеңеш документти ратификациялоодон өткөргөн соң ага президент Алмазбек Атамбаев кол коёт. Өкмөт башчы Темир Сариев аталган биримдикке мүчө мамлекеттер да кыргыз жерин колдоп, ратификациялоону тездетип, май айынын соңуна чейин карап жатышканын айтты. 
Айта кетсек, биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары 8-майда Москвада өткөн жыйында кыргыз мамлекетинин биримдикке кошулуусун колдоп, соңку документтерге кол коюшкан. Эми парламенттер тарабынан толук ратификациядан өткөрүлгөн соң Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: