Ош. Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөдөн тургундардын 15 пайыздан ашыгы өттү

Ошто пландалган эмдөөлөрдүн 15 пайыздан ашыгы ишке ашты. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Эркегүл Сманалиева билдирди. Анын айтымында, кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи айлампасына ылайык, 12-майда Ош шаарында пландалгандардын 16 пайызы, Ош облусунда пландалгандардын 17,1 пайызы эмдөөдөн өттү.
"Ош облусунан 489 817 жана Ош шаарынан 108 926 адам эмдөөдөн өтөт. Булар 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, өспүрүмдөр, окуучулар жана студенттер. Башка аймактар сыяктуу эле Ошто 12-майдан 23-майга чейин кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы жүрүп жатат",- деди Сманалиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ayka1994

15.05.2015. 12:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чет элде элем привканы кузундо барганда алсам болобу анда да берилеби же албай калсак да болобереби. Билгендер маалымат берип койгулачы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.