super.kg logo

“Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасынын режиссёру СИЗОдо отурат

 
Александр Цай

"Бишкек, мен сени сүйөм!" жана "На грани блефа" тасмаларынын режиссёру, 27 жаштагы Александр Цайга карата кылмыш иши козголуп, учурда ал №1-СИЗОдо отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Цай Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун өлүмүнө алып келиши же анын саламаттыгына оор зыян келтирүү) боюнча айыпталып, быйылкы жылдын 14-апрелинде кармалган. Ал эми 22-апрелде Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими менен белгисиз мөөнөткө чейин убактылуу кармоочу жайда кармалары белгиленген. 

Айта кетсек, Александр Цайга карата арызды анын мурдагы досу жана жабырлануучу Чыңгыз Жумагазиев жазган. Ал айыпталуучудан келтирилген чыгымдарды жабуу үчүн 1 миллион сом талап кылууда. Жумагазиевдин арызына ылайык, 29-октябрда Цайдын мас абалында унаага отурганынын айынан жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Жумагазиев сол көзүнөн айрылган. 

Унаанын алдынкы айнеги сынып, менин көзүмө кирген, ал эми коопсуздук жаздыгы аны дагы баса киргизген. Учурда ал көздүн ордунда имплантат салынып, жалпы дарыланууга 40 миң АКШ доллары кетип, үй-бүлөм карызга белчесинен батты.

Мен Цайды дос катары көрүп, мага жардам берет деп ойлодум, бирок ал жана анын үй-бүлөсүнөн эч ким басып келген эмес. Александр паспортун алмаштырып, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган”,- делет маалыматта.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(17)
15.05.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураганда эле милиондон баштайт экенда
17.05.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sake80, сага коз керекпи же миллион керекпи? Баардык адам биринчи козду тандамак!!!
15.05.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кемеге тушкондун жаны бир учо тен бир машинеде олтуруп анан кырсыка учурап оз досун кайра сотко берген достордон сакта!
15.05.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аны ал атайлап жасабаса керек акыры !
15.05.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишенбегин достуна, саман тыгат постуна.
15.05.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
МАС болуп калдын айдаба, дос,десе болмок экен.Аман калганына тобоо дебейби,шар эле кестирип ийбей.
15.05.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыл эси ордунда болгон адам,мас айдоочунун жанына отурбаш керек эле.Бул жерде жабырлануучу озу куноолу экени корунуп турат.Акчасы барда досум деп жанында журуп эми кайра жала жаап жаткандай
15.05.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Достун достугу кыйынчылыкта билинет дегендин тескериси го, мындай иш коро албаган, ичи куйгон достордун гана колунан келет.
15.05.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун ошол досу коро албай аты чыгып жаткан досун. мас кылып машина айдатып дпске тутуп берейин десе керек да. дос душман дейт ошон учун абайлаш керек.
15.05.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер чыныгы дос болсо мин жабырланса дагы миллион сурамак эмес жон гана бетине карабай достук мамилесин токтотуп коймок!
15.05.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коздон ажыраш эле онойбу?Аныкы да туура.Кыргызча кылып,досу достой болуп жардам коргозуш керек эле.Финансы жагынан каралашып,тап такыр эле басып кетпей.
15.05.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мас экенин коруп туруп не чыгат анан озу соо бекен эле не билип туруп чыккан озундо да куноо бар экен.
15.05.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкуш бала десе сизодо олтурат экен да ээ а берки орукчан бала айбан турбайбы козуно атайын сайып салыртырбы ишетиликти бети жок бала экен
16.05.2015. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakai89, кичине болсо да, мээнди иштетчи. эмнеси байкуш тигил кореецтин?
Эми элестет, эртен бир мас сенин ининди же карындашынды же апанды тебелеп олтурсо, аны бироо байкуш деп аяш керекпи? думай головой, хоть иногда!
allkill2 түзөттү 2015-05-16 05:26:52
15.05.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмыш кылса СИЗО до отурат да, бардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Колун менен кылганды моюнун менен тарт дейт. Барына арак куноолуу
15.05.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40мин долларга коз салгыча ыймандуу,шугур кылган ак журокко ээ болсо жакшы болмок.Козун сокур болсо да ыйманын менен болсон ошол коз да.
16.05.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментерди окуп тан калдым элдерге баары бир экенда деп. Чынгыз айтып атпайбы 40 мин доллар кетти деп, бир туугандарым карызга белинен батты деп карызды доолап тызылдатканда досунда козуно корунбой палат биринчиден бир козунон айрылса бутту омур бою инвалид болуп калды жакшы жерге да жумушка эч Ким албайт и Ким багат семьясын? Экинчиден ошол Александр фамилясын озгортуп качмак болгону и басып келип ал ахвалын сурабаганы имне силерге туура кылдыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: