Кыргыз-кытай чек арасында Кытайдын 9 жараны кармалды
Кыргыз-кытай чек арасында Кытай Эл Республикасынын жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КРнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ мамлекеттик чек ара режимин бузган 9 жаран "Эркеч-Там" тозотунан кармалган. "Жарандардын колунда тиешелүү документтер болгон эмес. Мындан тышкары алар чек ара аймагында эмне кылып жүрүшкөнүн түшүндүрө алышкан жок. Тиешелүү документтер даярдалып, кармалган жарандар Ош облусунун Алай районунун УКМК бөлүмүнө жеткирилишти",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.