super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы тиешелүү министрликтерге Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүү процессин тездетүү тапшырмасын берди

 

14-майда премьер-министр Темир Сариев тармактык министрлик жана ведомстволорго Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялануу процессин тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлады. 

"2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишим ратификацияланган соң, кыргыз мамлекети евразиялык экономикалык аймактын толук кандуу мүчөсүнө айланат. Жалпыбызга белгилүү болгондой, республиканын аталган биримдикке кошулуусу артында жаңы чакырыктар пайда болот, биз аларга даяр болуубуз керек. Мындан ары карай биздин экономикабыз биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасы менен тыгыз байланышта эсептелет жана аларга жагымсыз таасир тийгизген факторлор биздин өлкөгө да өз таасирин берет. Мындан тышкары инвестицияларды тартуу жана рынок үчүн атаандаштык башталат",- деди Сариев.

Өкмөт башчынын айтымында, республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда кыргыз өлкөсүнүн да кызыкчылыгы жана негизги шарттары эске алынган. Алсак, быйылкы жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 250 миллион доллар суммасындагы көмөк келери, ал эми Казакстан Республикасы тараптан 100 миллион доллар берилери пландаштырылууда.

Темир Сариевдин айтымында, жакын арада жогорку маселелерге байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрүлүп, анда кечиктирилгис түрдө чечилүүгө муктаж болгон милдеттер каралмакчы.

Ошондой эле премьер тармактык министрлик жана ведомство жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. 

- Бажы биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорттук каражаттарды жана товарларды өткөрүү процедурасы жөнүндө;

- импорттук-экспорттук операцияларды ишке ашырууда кыйыр салыктарды алуу процедурасы жөнүндө;

- бирдиктүү бажы тарифинен алынуучу тизмеге киргизилген товарларды өткөрүү жана алардын сатуу процедурасы жөнүндө;

- ЭЭА аймагындагы субъектилерди каттоо жана алардын иштөө процедурасы жана ЕАЭБ мыйзамдарын түшүндүрүү тууралуу маалыматтык материалдарды даярдоо тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: