super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин тургундары көчөдөн таап алган курал-жарактарды милицияга тапшырып беришти

 

19-февраль күнү  Бишкек шаарынын 42 жаштагы К.Чолпонбек аттуу жараны көчөдөн таап алган ок атуучу куралды өз ыктыяры менен милицияга тапшырган. Аталган жаран куралды Октябрь райондук ИИБинин аймактык бөлүмчөсүнө алып келип берген. Ал куралды шаардагы 8-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан таап алгандыгын айткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле 19-февралда Бишкек шаарынын  Бөкөнбаев жана Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн жанынан 10 даана автомат огун таап алгандыгын айткан Ш.Сабина аттуу жаран да милицияга тапшырган. Аталган фактылар боюнча тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: