Бишкекте кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлерине арналган мемориал ачылды













Бүгүн, 15-май күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлерине арналган мемориал ачылды. Анын ачылышына КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жана каза тапкан милиция кызматкерлеринин жакындары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Мелис Турганбаев сөз сүйлөп, каза тапкан кызматкерлерди унутууга эч кимдин акысы жок экенин белгиледи. Андан соң асманга ок атылып, мемориалга гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.
Айта кетсек, жаңы орнотулган мемориалга 1972-жылдан 2015-жылга чейин Бишкек шаарынын аймагында кызмат учурунда каза тапкан 31 милиция кызматкеринин ысымы жазылган. Бул мемориалды орнотуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын беришкен.

