super.kg logo

Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактоого шектелген дагы 3 адам кармалды

 

Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактоого шектелген дагы 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөрдүн экөө Казакстандын аймагынан кармалган. Алар 1971-жылы туулган Б.Б. жана 1988-жылы туулган М.Е. Экөө тең Казакстандын жараны. Ал эми үчүнчүсү 1973-жылы туулган Р.А. Орусиядан колго түшкөн.

Буга чейин жогорудагы факт боюнча кылмышка шектүү катары 4 адам Бишкектен кармалганын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов билдирген эле.

Айта кетсек, окуя 2014-жылдын 27-декабрында катталган. Анда Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары бир жооп берчу кез келет. Ошондуктан женил ойго жетеленбеш керек!
15.05.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурунун жолу кууш дейт беле,арам оокат аш болбойт да баарибир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: