super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: "Энелер бар үчүн улуу тоолор сакталып, кыргыз улуту жашап жатат"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев кыргыз мамлекетиндеги айымдарды Энелер күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу улут уңгусу болгон энелер!

Сиздер бар үчүн улуу тоолор сакталып, кыргыз улуту жашап жатат. Мөңгү суусундай тунук пейилиңиздер, күн нурундай мээримиңиздер, айкөлдүк асыл сапатыңыздар, нарк-насилиңиздер менен мекен уюткусу болуп келесиздер. Каныкей жана Курманжан энелерибиз акыл менен журт биримдигин ширетип келишкен, андыктан үй-бүлө бактысы, саламаттыгы, тынчтыгы да сиздер аркылуу болмокчу. Акылман бабалар бекеринен "бейиш эненин таманында" дешпегендир. Эне мээримине, аруулугуна эч нерсе тең келе албас, анткени эне адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыкты жер сыяктуу кебелбей көтөрөт. Тоскоолдуктарда ташты да таптап өтүүгө, бийик аскалардай максаттарды жирөөгө шыктандырып, тамырыбызга, каныбызга күч-кубат бересиздер.

Эл ичиндеги пейили ак жоолугундай касиеттүү, кутман энелерибиз, сиздерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук каалайм. Үй-бүлө, улут түркүгү үчүн аман болуп, коломтобуздун куту катары төрүбүздө жүрүңүздөр!

Сиздер бар мекен түзүлүп, сиздер бар улут жашайт!"

Терең урматтоо менен КР ЖКнын депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын төрагасы Төрөбаев Бакыт Эргешевич.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.05.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалындуу сөздөр, жакшы сөздөр... Бирок биз чын эле татыктуубузбу ушул сөздөргө... Тилекке каршы, акыркы кездерде ойго келбеген жоруктарды жасап, шумдуктай окуялар катталып жатат (энелердин катышуусунда, сайттагы жаңылыктардын негизинде айтып жатам), муну моюнга алышыбыз керек, ачуу болсо да.Ошон үчүн ашыкча мактоодон уялып да кетет экенсиң... Бирок баары жакшы болот деп үмүттөнөм...
15.05.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтындай болгон энелерибиз бар болсун,ылтынып апам ардайым бешенемде болунуз.
16.05.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне болгондон кийин,эненин кадырын билет экенсин,асылдарым,кун нурундай мээримин чачкан энелер бар болунуздар,сиздердей башка эч ким мээрим тогуп,баласы ооруса кошо ооруп,алыска кетсе куса болгон асыл адам табылбайт...Жерге чейин ийилип таазим кылам,бугунку майрамыныздар менен АСЫЛДАРЫМ...
16.05.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бакыт мырза жакшы иштерди жасап жатат. соз менен эмес иш менен далилдеп жатат.шайлоодон кийинда ушундай иштер жасалса кыргызстанда тузук эле алдыга жылуу болот.жакында биздин районго кочо лампаларын коюп кетти кечкисинда жапжарык болуп жыргап калдык.баары кошунадар озгочо орус кемпирлер ушул жигиттишайлаш керек деп суйунушту.суйунучубуз узакка болсо экен.размат сизге бакыт мырза!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: