Альпинисттер кыргыз жериндеги 4,5 миң метр бийиктиктеги Учитель чокусуна мемориалдык такта орнотушту





Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Украинанын альпинисттери кыргыз жериндеги бийиктиги 4527 метрди түзгөн Учитель чокусуна “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы” деп жазылган мемориалдык такта орнотушту. 15-майда Бишкек мэриясынан билдиришкендей, альпинисттер мемориалдык тактаны эки жумада коюп келишти.
Альпиниаданын алкагында бийиктиги деңиз деңгээлинен жогору 4250 метрди түзгөн Комсомолец чокусуна массалык чыгуу болуп өттү.
Альпиниада альпинизмди жайылтуу, альпинисттердин спорттук квалификациясын жана коомдук куткаруучулардын отрядынын куткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Мемориалдык тактаны орнотууну Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.

