super.kg logo

Бишкекте Энелер күнү белгиленүүдө

 

Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарынын мэриясы Энелер күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Ленин районунда “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 143 айым, Свердлов райондук администрациясында “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 160 аялзатынын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү. Ошондой эле Биринчи Май райондук администрациясы 14:00дө Тарых музейинде “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 160 эненин катышуусунда майрамдык салтанат өткөрөт. Ал эми Октябрь райондук администрациясы 92 “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамынын ээлерине арналган иш-чараны 14-майда “Салкын-Төр” ресторанында өткөрдү.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет. 

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет өзүнүн маданиятына, салтына таянып, атайын бир күндү салттуу түрдө Энелер күнү катары белгилейт. Энелер күнүн белгилөө Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет. Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнү 1872-жылдын май айынын экинчи жекшембисинде биринчи жолу белгиленген. Ал эми Орусия 1998-жылы ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.05.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодогу ар бир эне аман болсун!
15.05.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дуйнону апам менен тааныгам!!!Жарык дуйного алып келген апаларыбыз уйдун чырагы,уйдун куту!Бар болунуздар!!!!
15.05.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно,мулк,байлык бийликтин кереги жок.Доолотум болгон тумар энекем аман болсун. Happy mother's day
16.05.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн кымбат бул билесинби эне экен.
Уйкусуз тун ичинде алдейлеген.
Тугонгус алтын кенин берсен дагы.
Билбедим бир чачына тен бекен.

Ал адам ар убакта сен деген.
Сага берип озу байкуш жебеген.
Озгорбогун эч озумчул болбогун.
Бейишиндин себеби да энекен.

Бар дунуйо кемдик кылат энеден.
Эне берген мээрим сага келбеген.
Туман басып суйуп куйуп журосун.
Ошол адам энекене тен бекен.

Энесиз пенде жерге келбеген
Адам болбойт эне сутун эмбеген
Энекене мээрим тогуп суйбосон
Айрыман жок билесинби эмнеден?
16.05.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таянар тоонуздардын омуру узун болсун! Энелер дуйнонун туркугу!

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: