super.kg logo

Ошто медицина жаатында адистикке ээ болгон жаштар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулду

 

14-майда Ош мамлекеттик университетинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча медициналык мекемелердин жетекчилери менен медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн, клиникалык ординаторлорунун, врач-интерндердин жолугушуусу болуп өттү. “Бош орундар жарманкеси-2015” иш-чарасынын алкагында жаңы гана адистикке ээ болгон жаштарга жумуш ордулары сунушталды. Окуу жайдан кабарлашкандай, анда Ош шаарында 2 дарыгер-лаборант, 10 үй-бүлөлүк дарыгер, 10 педиатр, 2 неонатолог, 3 инфекционист, 2 дарыгер-анестезиолог, 2 статист, 2 рентгенолог, 1 лаборант, 4 фельдшер, 2 психиатр үчүн бош орундары бар экендиги айтылды. Чоң-Алай, Алай, Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча да бош орундардын саны жарыяланып, бүтүрүүчүлөрдүн тандоосуна коюлду.  

Жолугушууга Ош шаардык мэриясынан, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн өкүлдөр, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Шайырбек Сулайманов, Ош шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Равшан Маметов жана башка Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы облустук, шаардык, райондук бир топ саламаттыкты сактоо мекемелеринин башкы дарыгерлери, координаторлору катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: