Нарын. Энелер күнүнө карата борбордук аянтта майрамдык салтанат өткөрүлɵт

16-майда Нарын шаарында Энелер күнүнө карата борбордук аянтта майрамдык салтанат өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди. Анын айтымында, салтанатка шаардагы бардык энелер чакырылып, "Энелерге таазим" аттуу атайын концерттик программа тартууланат.
"Шаардык китепканаларда Баатыр энелер менен жолугушуулар, тематикалык көргөзмөлөр уюштурулууда. Мындан сырткары биринчи жолу эне болгон энелерди төрөт үйүндө шаар мэри тарабынан жеринен куттуктоо болот. Ал эми шаардагы мектептерде аталган теманын алкагында иш-чаралар өткөрүлүп, көп балалуу энелерге акысыз негизде медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө",- дейт Качкымбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.