Бишкекте Энелер күнүнө карата иш-чаралар өтүп жатат






Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы Энелер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштуруп, аталган райондогу бир катар айымдарга Эне даңкы медалдарын ыйгарды. Мэриядан кабарлашкандай, ага вице-мэр Айгүл Рыскулова, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева жана шаардык кеңештин депутаты Бурулуш Усупова катышты.
Анда чакырылган энелерге жергиликтүү эстрада ырчыларынын, жаш таланттардын катышуусунда концерттик программа тартууланып, майрамдык тамак берилди. Ошондой эле акчалай сыйлыктар да тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө аталган райондо жашаган 126 эне Баатыр эне медалын алса, 34 эне Эне даңкы медалы менен сыйланган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.