SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ардактуу айымдарды Энелер күнү менен куттуктайт

Кымбаттуу энелер! SUPER.KG порталынын эмгек жамааты сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен куттуктайт! Дүйнөдө теңдеши жок асылзаада сиздерге кандай куттук айтса да жарашат.
Автор: Автандил Добулбеков
Ак сүтүн берип айланып,
Алдейлеп багып өстүргөн.
Апалар кымбат бала үчүн,
Айжаркын күнгө жеткирген.
Эне,
Сен барда өнөт тирилик,
Сен барда бармын мен, эне.
Эненин пейил, дилинен,
Дем алып жашайт Жер эне.
Ып саптарында айтылгандай, апалар, баа жеткис кымбатсыңар. Үйдүн куту, турмуш туткасы, дүйнөнүн түркүгү силерсиңер. Энелердин мээримине аалам жылынып, дүйнө тең салмакта кармалып турат. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакыт-таалай каалайбыз.
Бар болуңуздар, ардактуу ЭНЕЛЕР!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Небере балдарындан коргун узур.
Бар болгула бактыбызга ар дайым,
Ак жоолукчан Энелер дагы апалар