Ошто өтчү илимий жарманкеде мектеп окуучулары 25 эксперименталдык долбоорду көрсөтүшөт
18-майда Ош шаарында Ага-хан мектеби тарабынан илимий жарманке уюштурулат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, анда 6-10-класстардын 45тен ашык окуучусу физика, химия, экология, адабият, география тармагы боюнча 25 эксперименталдык долбоорду көрсөтүшөт. Жаш изилдөөчүлөр акыркы 5 айда долбоорлорунун үстүндө иштеп, тажрыйба иштерин жүргүзүштү.
Окуучулардын долбоорлорунда энергиянын альтернативдүү түрлөрү, Ак-Буура дарыясынын сырлары, курчап турган чөйрөдөгү вирустар жана башка темалар камтылган. Калыстар алардын ичинен эң мыкты 6 долбоорду тандап, алардын үстүндө иштеген авторлорду сыйлашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:57
2025-08-12
19:14
2025-08-12
14:55
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.