Депутат Карганбек Самаков коррупцияга шектелип кармалып, камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков коррупция боюнча шектелип кармалып, СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз билдирди. Маалыматка таянсак, депутатка карата Башкы прокуратура 14-майда кылмыш ишин козгогон. Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, жер тилкелерине байланыштуу Карганбек Самаковдун мыйзамсыз иштерди кылганын айтышып, буга чейин Чүйдүн айрым тургундары бир нече жолу митингге чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
2

