Бишкекте оор операцияга муктаж мекендештерибизге акчалай жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы өтүүдө

















Бүгүн, 16-майда Бишкектеги бизнес-борборлорунун биринде “Мээримдүү тыйын” деген аталыштагы кайрымдуулук акциясы өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерттик программа көрсөтүлүп, тамак-аш жана сувенирлерден турган кичи жарманке уюштурулган. Белгилүү болгондой, жарманкеден түшкөн каражат оор операцияга муктаж мекендештерибизге акчалай жардам катары берилет. Уюштуруучулардын бири Хабибулла Арзыгуловдун айтымында, көбүнчө оорулуу адамдар бөйрөк жана боор органдарын алмаштырууга зарыл. Аларга орто эсеп менен 5 миң доллардан 150 миң долларга чейинки каражат талап кылынат.
Кечеге социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев келди. Кайрымдуулук акциясын Салтанат Саматова жана Нурсултан Майназаров алып барышууда.



1 |