super.kg logo

Бишкекте акын Муратбек Рысбеков 60 жылдык мааракесине карата чыгармачылык кечесин өткөрдү

 
Бишкекте бүгүн, 16-майда акын, "Нур борбор" чыгармачыл бирикмесинин академиги Муратбек Рысбековдун 60 жылдык мааракесине карата анын чыгармачылык кечеси уюштурулду. Өзүнүн ыр жазуудагы өзгөчө стили менен айырмаланган акынды куттуу курагы менен куттуктап Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, анын жакындары, ырга жакын кесиптештери, устаттары, жаш акындар жана жалпы ыр сүйүүчүлөрү келишти. Куттуктап келгендер акынга жылуу сөздөрүн арнап, калпак, чепкен жаап жатышты. Сөз сүйлөгөндөр анын ыр жазуудагы өзгөчө чеберчилигин, куруучу болуп иштеген Муратбек мырзанын көп кырдуулугун сөз кылышты. 
2 саатка жакын убакытка созулган иш-чара ыр менен башталып, ыр менен аяктады. Жаштар эл алдына чыгып, акындын тандалган ырларын көркөм айтып беришти. Муратбек Рыскулов устаттарынын "дагы далай кырды ашышың керек" деген сөздөрүн угуп, жаштыгындагы окуяларын айткан туугандарынын сөздөрүнөн улам жаштыгына дагы бир ирет барып келгендей болду окшойт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.05.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы сеңселет го, меникинен да узун экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: