Бишкектеги концертте Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоров энелерди кыргыз тилинде куттуктады



































Бүгүн, 16-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Энелер күнүнө арналган концертте орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулашты. 3 саатка уланган салтанаттуу кече эки бөлүктөн туруп, кыргыз эстрада жылдыздарынын ырлары менен башталды. Сахна көшөгөсүн биринчилерден болуп ырчы мырза Иса Өмүркулов “Кыргызстан” аттуу ыры менен ачты. Ал эми кечени Нурсултан Майназаров жана Назира Кадыева шаңдуу алып барышты. Ошондой эле Минюра Рахимжанова, Акыл Караман, Юлия Руцкая, Айбек Замирбеков, Айгүл Чалова, Назгүл Токтакунова өнөрлөрүн тартуулашты.
Концерттин экинчи бөлүгүн Орусиядан келген коноктор улантышты. Жасмин кыргыз эли менен мамлекеттик тилде учурашып, онго чукул хит ырларын аткарып өттү. Ал эми опера ырчысы Николай Басков сахнаны өзгөчө атмосферага бөлөп концертке келген күйөрмандарынын колдоосуна арзыды. Бирок аянтка келгендердин басымдуу бөлүгү кантсе да Филипп Киркоровду күтүп жатышкандыгы жакшы байкалды. Орус Эл артистин коноктор жакшы кабыл алып, ар бир сахнадагы айтылган сөзүн катуу ышкырык-кыйкырык менен коштоп жатышты. Ырчы сахнадан энелерди майрамы менен кыргыз тилинде куттуктаганы анын жаңы күйөрмандарынын пайда болушуна өбөлгө түздү көрүндү. Энелер күнүнө арналган салтанаттуу концерт салют аттыруу менен аяктап, алып баруучулар келген коноктордун үйлөрүнө аман-эсен жетип алуусун тилешти.
Орусиялык ырчылар энелерди кыргыз тилинде куттукташты

Урматтуу колдонуучулар талкуудан алыстабайбыз. Жеке сүйлөшүүлөрдү купуя менен жазышкыла, суроо же сунуштар болсо admin@super.kg дарегине кат жазсаңыздар болот. Рахмат!
18-майда КТРден бергенде коргонго убактым болбой калды эле, Супердин жамааты тартты бекен деп кундо карап жаттым эле, жарым жартылай болсо да коруп алдым. Толук версиясы барбы, бар болсо киргизиниздерчи?