super.kg logo

100дөн ашык жаңы толуктоонун жоокери Ата Мекенге чын дилинен кызмат кылууга ант берди

 

КРнын Куралдуу күчтөрүндө жазгы аскерге чакыруу кампаниясынын алкагында 73809-аскер бөлүгүндө 100дөн ашык жаңы толуктоонун жоокери Ата Мекенге чын дилинен кызмат кылууга ант берди. Бул тууралуу мекеменин Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жаңы толуктоодогу жоокерлер даярдоо курсунан өтүп, аскер жашоосуна көнүктүрүүчү адаптация программасын артка калтырышты. Салтанаттуу түрдө аскердик антты берүү аземи Кыргыз Республикасындагы аскердик кошуундардын арасындагы эң алгачкылардан болуп саналган 73809-аскер бөлүгүнүн эшиги ачык болду. Аземге чакырылган коноктор, жаңы толуктоодогу жоокерлердин ата-энелери, туугандары жана достору аскер бөлүгүнүн турмушу, кызмат кылуучулардын жашоо шарттары жана эс алуунун уюштурулушу менен кенен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү алышты.

Иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери дагы чакырылып, жаңы толуктоонун жоокерлерине кызматындагы ийгиликтерди каалап, иш-тажрыйбасындагы насааттарды айтып жатышты.

Ант берүү салтанаты аяктагандан кийин жоокерлер аскер кызматынын алгачкы мыйзамдуу «уруксат берүүсүндө» болуп, туугандарынын арасында эс алышты.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садаган болоюндар! Ант бергенинерден силердин! Ата Мекен сакчылыгында аман-эсен кызматынарды отоп Ата-Эненерге, эл - жеринерге аман кайткыла!
18.05.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аззаматтар Аллах колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: