super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен таанышты

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 18-майда Нарын облусундагы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулуш иштери менен таанышышты. Айта кетсек, Жогорку Нарын ГЭС каскады чакан 4 ГЭСтен туруп, жылына 942,4 миллион киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгууга жөндөмдүү болот. Каскаддын алгачкы агрегаты 2016-жылы ишке киргизилип, 2019-жылы толугу менен аяктоого тийиш. Долбоордун жалпы наркы 24 миллиард рубль же 727 миллион доллар. 

Жогорку Нарын ГЭС ишканасынын жетекчилиги ГЭС каскады курула турган жердин маселеси толук чечилбей жатканын айтты. Каскад үчүн 3,3 миң гектар жер зарыл болсо, азыр 554 гектар гана жер аянты бөлүнүп берилген.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев 13-майда премьер-министр Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча атайын жыйын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жер маселесин чечүүнү тездетүү боюнча тапшырма бергенин билдирди. “ГЭС каскадына жер бөлүп берүү кыргыз тараптын биргелешкен ишкананын уставдык капиталына кошкон салымы болуп саналат. Ошондон улам азыр жеке менчиктеги жерди сатып алуу боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү милдети турат”,- деди Калиев.

Депутаттар стратегиялык маанидеги бул ГЭСтин курулуш сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгилешип, анын алгачкы агрегатын өз мөөнөтүндө ишке киргизүү тууралуу пикирлерин айтышты. Энергетика жана өнөр жай министрлигине курулушка жергиликтүү тургундарды көбүрөөк тартуу маселесин чечүү боюнча тапшырма берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: