Президент өлкөдө таштандыларды белгиленбеген жайларда өрттөгөн жарандарга 20 миң сомго чейин айып пул салуу мыйзамына кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Документке ылайык, таштандыларды атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган жарандарга 2000 сомго чейин айып пул салуу жана аларды 8 сааттык коомдук иштерге тартуу чарасы каралат. Ал эми таштандыларды белгиленбеген жайларда өрттөгөн жарандар 20 миң сомго чейин айып пул төлөп, 8 сааттык коомдук иштерге тартылышат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

