super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: “Биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жакшыртуу чарасын көрүүгө тийишпиз”

 
“Биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жакшыртуу чарасын көрүүгө тийишпиз",- деп билдирди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев. Депутат бул тууралуу комитеттин бүгүн, 18-майда Нарын шаарында өткөн көчөмө жыйынында айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Жыйын Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердин алкагында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун абалы менен таанышууга жана облустун социалдык-экономикалык жагдайын талкуулоого арналды. 

Иманалиев Нарын облусунун аймагында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун калк турмушунун жакшырышына байланышкан маанисин түшүндүрдү. "Жогорку Нарын ГЭС каскады, Түндүк–Түштүк альтернативдүү жол сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөнүн, анын ичинде Нарын облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө дал ушул долбоорлор чоң өбөлгө түзөт”,- деди ал.

Жыйын жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын облусун 2013-2017-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгып, аны ишке ашыруунун жол картасы бекитилгенин, анын алкагында үч жолу инвестициялык форум өткөрүлгөнүн маалымдады. Ат-Башы районунда Кыргыз-Кытай транспорттук логистика борборун куруу пландаштырылып жатканын, ага 630 миллион юань көлөмүндө инвестиция тартыла турганын билдирди. Ал улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү максатында жыл сайын “Кыргыз шырдагы”, “Кымыз” эл аралык фестивалдары өткөрүлүп келатканын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө облустагы социалдык-экономикалык жагдай, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Аларды чечүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдар менен мекемелерге тиешелүү тапшырмалар берилди. Стратегиялык маанидеги Жогорку Нарын ГЭС каскадынын, Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун, Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун курулуш сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл экени белгиленип, алардын курулушуна бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдалануу, курулуш иштерин алдын ала түзүлгөн графиктен кечиктирбөө тууралуу талап коюлду.

Эл аралык иштер боюнча комитет тарабынан Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигине аткаруучу компаниялар менен бирге курулушка жергиликтүү тургундарды көбүрөөк тартуу, алардын эмгек акыларын көбөйтүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: