Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди














Ош шаарында Энелер күнүнө карата майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, 300дөн ашуун Баатыр энелер, эмгек ардагерлери, коомдук ишмер айымдар катышты.
Майрамга карата энелерге баалуу белектер тапшырылып, Ош шаардык Улуттук филармониясынын ырчылары, Султан Каримов, Кутман Жолдошев, Салима Балтаева жана башка эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа тартууланды. Салтанаттуу кечеде шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экенин белгиледи.
“Энелер жөнүндө кандай гана алкоо, кандай гана мактоо айтпайлы, сиздер ага татыктуусуздар. “Эне - үйдүн куту, турмуштун туткасы” дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер. Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экенин эч ким тана албайт”,- деди Кадырбаев.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 576 Баатыр эне бар.

