super.kg logo
  Саясат  

Максуда Айтиева ЭлТРдин башкы директору болуп дайындалып, эки орун басары кызматтан алынды

 

Бүгүн, 18-майда өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын  башкы директорунун орун басарлары алмашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин кызматкерлери билдиришти. 

Маалым болгондой, директордун мурдагы орун басарлары Бейшенбек Бекешов менен Султан Абдрахманов кызматынан бошотулуп, Бекешовдун ордуна телеканалдын маалымат программасынын продюсери Айбек Мусаев дайындалса, ал эми Абдрахмановдун ордуна телеканалдын кызматкери Кылыч Мурзалиев дайындалды. Ошондой эле ЭлТР 2015-жылдын 16-мартында мамлекеттик статуска ээ болгондугуна байланыштуу директордун дагы бир орун басары болуп Бекмамат Көчкөнов дайындалды. Ал эми буга чейин директордун милдетин аткаруучу болуп келген Максуда Айтиева 5 жылга башкы директор болуп бекитилди.  

Эскерте кетсек, быйыл апрель айында Бейшенбек Бекешов баштаган телеканалдын айрым кызматкерлери жетекчисине каршы чыгышып, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Өкмөт бул маселени изилдеп чыгып, чекит коё турганын билдирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: