Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарына жана бир канча айылдарга коркунуч келтирүүдө

Сузак районундагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарына жана бир канча айылдарга коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Бекиловдун берген маалыматына таянсак, учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
аталган дарыянын жээгин бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышууда.
Мындан
ары министр кечээ, 17-май күнү катуу жааган жаандын
кесепетинен жабыркаган Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука
райондорундагы калктын абалы менен таанышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Көк-Арт менен Токтогул ГЭСинин ортосу канча экенин билбейм, бирок Көк-Арттын ашып-ташып жаткан суусун суу ташыган машиналарга (водовоз) сордуруп алып, Токтогул ГЭСине куйгула да, анда суу азайып жатпайбы... Сел болуу коркунучу жаралса эле же суулар ашып-ташып жатса, дароо эле Токтогулга алып жөнөгүлө да. Машинаңар даяр турсун, каптап кетип, айдоо аянттарына, малды агызып чыгым кылгыча, ушул вариантты ойлонуп көрсөңөр ))