super.kg logo
  Саясат  

Үй камагына алынган Карганбек Самаковго сот интернет аркылуу сүйлөшүүгө да тыюу салды

 
2 айга үй камагына алынган депутат Карганбек Самаковго интернет жана телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун 17-майдагы кабыл алган чечиминде айтылганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы 18-майда SUPER.KG порталына тастыктады.  

Депутат Карганбек Самаковго үй камагы учурунда жана тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:

- Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан тышка чыгууга;

- белгисиз адамдар менен эркин сүйлөшүүгө;

- почта, интернет жана телефон аркылуу корреспонденция жөнөтүүгө;

- митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө;

- жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга.

Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: