super.kg logo
  Саясат  

“Ата Мекен” фракциясы кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча мыйзамдын долбоорун 3 окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 18-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун дароо 3 окууда жактырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров тастыктады.

Кулназаров фракция Жогорку Кеңештеги башка фракцияларды да ратификациялык мыйзам долбоорун тез арада карап чыгууга чакырганын айтты.

Депутат Өмүрбек Текебаев жыйында “эгерде мыйзам долбоорун кароого биз шашылбасак, башкалар шашылбайт” деп билдирди. Жыйында фракция өкмөткө Орусиядагы мигранттардын “кара тизмесинен” кыргыз мамлекетинин жарандарын чыгаруу боюнча бардык иш-аракеттерди аткаруу боюнча тапшырма берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: