super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Эл укук коргоо органдарынан чечкиндүү кадамдарды күтүүдө"

 
Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы менен бүгүн, 19-майда Коопсуздук жана укук тартиби боюнча кеңештин жыйыны өттү. Өкмөт жетекчиси укук коргоо органдары мамлекеттин жаза берүүчү инструменти эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүнө социалдык кызмат көрсөтүүчү механизм экенин белгилеп, бул механизм эффективдүү иштеши керектигин айтты. "Өкмөттүн негизги максаттарынын бири - мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү",- деп билдирди Сариев. 
Премьер-министр укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу зарылдыгына токтолду. "Элге коюлган тапшырманы компетенттүү чечүүгө жөндөмдүү, кадыр-барктуу, коомчулуктун ишенимине кирген укук коргоо органдары керек. Эл укук тартибин камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынан чечкиндүү кадамдарды күтүүдө",- деди Сариев. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: