super.kg logo
  Саясат  

Алдыдагы шайлоолорго керектүү жабдууларды алуу боюнча документтерге кол коюлат

 
Өкмөттө 20-майда “2015-2017-жылдардагы шайлоо процессинде шайлоочуларды индентификациялоо өнөктүгүн автоматташтыруу” долбоорунун Грант келишимине жана Алмашуу ноталарына кол коюу аземи өтөт. Бул тууралуу 19-майда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоордун алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы жана Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоочу заманбап технологиялар менен камсыз кылынат. Долбоордун бюджети - 740 миллион япон йенасы (6,16 миллион доллар).
Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, Япониянын кыргыз жериндеги элчиси Такаюки Коикэ, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова жана башкалар катышары айтылды. 

"Долбоордун алкагында 3000 лэптоп, 3000 манжа басмаларынын сканерлери, сервер жана тармак жабдуулары, 4000 термопринтер, 3000 үзгүлтүксүз электр булактары (UPS) жана 2500 дубалга орнотулуучу монитор алынат. Андан тышкары бул жабдууну колдонуу боюнча окуу материалдары даярдалып, тренингдер өткөрүлөт",- деп билдирет өкмөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: