super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов президентти жана парламент депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамды өзгөртүүнү кайрадан сунуштады

 
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында депутат Феликс Кулов "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү демилгеледи.
Ал сунуштагандай, 7 пайыздык босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү, ал эми регионалдык босогону 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүү керек. "Учурдагы шайлоо боюнча мыйзамда кемчиликтер бар. Биз аларды жоюу максатында ушул мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз. Босоголук чекти көтөрүү менен туруктуулукту көздөп жатабыз. Анткени 7 пайыздык босого менен парламентке 6-7 партия өтүшү мүмкүн",- деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин Феликс Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: