Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү Башкортостанда өтчү Улуттар аралык маданият фестивалына катышат

Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү Башкортостанда өтчү "Бердэмлек – Достук" аттуу Улуттар аралык маданият фестивалына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара 3-9-июнь аралыгында Башкортостандын ар кайсы шаарларында өткөрүлөт. Ага Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө Орусия, Кытай, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан, ошондой эле Индия, Бразилия жана Түштүк Африка мамлекеттеринин өкүлдөрү катышат. Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча ар улуттун жарманке-көргөзмөлөрү өтөт. Муну менен катар Башкортостандын бир нече шаарларында тартуулануучу концерттик программалардын уюштурулуусу пландалууда. Иш-чара Уфа шаарында гала-концерт менен аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.