Жогорку Кеңештин комитети кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документти ратификациялоону жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун 19-майдагы жыйынында карап чыкты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жыйында депутаттардын суроолоруна экономика министри Олег Панкратов жооп берди. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев: "Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүү үчүн гана эмес, Орусиядагы эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарынын да көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдош керек",- деди.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 3 окуудан колдоп, Жогорку Кеңештин 20-майдагы жалпы жыйынында кароо чечимин кабыл алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

