Ибрагим Жунусовго искусство тармагында кыргыз-түрк мамилелерине кошкон салымы үчүн сыйлык ыйгарылды



Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовго 18-майда искусство тармагында кыргыз-түрк мамилелерине кошкон салымы үчүн сыйлык ыйгарылды. ТИМдин маалыматына таянсак, мындай сыйлык буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге, Казакстандын Түркиядагы элчиси Жансеит Туймебаевге жана башкаларга берилген.
И.Жунусов Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар жана сүрөтчүлөр фондунун "Түрк дүйнөсүнө өтөгөн кызматы үчүн" иш-чарасы жалпы түрк дүйнөсүндөгү мамилелерди бекемдөөгө шарт түзөрүн белгиледи. Мындай сыйлыктар түрк тилдүү мамлекеттердин искусство өкүлдөрүнө жаңыча шык берерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

